Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Ал белгилегендей, Кеңештин түзүмүндө өзгөртүүлөр болгон. "Төраганын орун басарлары болуп Нурбек Сыдыгалиев менен Темир Сариев дайындалды, ал эми Акылбек Жапаров Кеңештин төң төрагасы болуп калды. Булар актуалдуу маселелерди чечүүгө жардам берип эле тим болбостон, бизнес менен мамлекеттин эффективдүү иштеши үчүн жаңы демилгелерди сунуштай турган тажрыйбалуу саясатчылар”, - деди Төрага Жогорку Кеңеште.
СӨП башчысы өз кезегинде палатага кайрылган ишкерлердин көйгөйлөрүнө токтолду.
"Экономика - бул ар бир өлкөнүн пайдубалы, ал эми бизнес - экономиканын локомотиви. Биз баарыбыз түшүнөбүз, бизнес менен тыгыз иштешүү гана эмес, ошого жараша анын суроо-талаптарын угуп, чече билүү керек. Энергетика, курулуш, тоо-кен өндүрүшү, логистика жана соода сыяктуу тармактар өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги тармактары болуп саналат. Ошондуктан алардын ар бири үчүн алдыга жылууга тоскоол болгон шарттарды кайра карап чыгуу зарыл», - деди Сариев.
Анын айтымында, курулуш бизнесинде жаңылоо мыйзамы боюнча жумушчу топ түзүп, алгылыктуу мамилени биргелешип табуу, ошондой эле жер кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл.
"Тоо-кен тармагынын өкүлдөрү геология менен экологияны бир министрликке бириктирүүнү туура эмес деп эсептешет. Бири-бирин көзөмөлдөп жаткандай. Негизинен бул министрликтин иши боюнча бизнестен арыз-даттануулар көп. Салык кодекси боюнча дагы актуалдуу маселе бар, бул жерде биз салыктарды чогултуп эле тим болбостон, бизнестин дагы өнүгүүсүнө шарт түзүшүбүз керек”, - деп түшүндүрдү Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси.
2021-жылдын статистикасына ылайык, биздин өлкөдө чакан жана орто бизнестин, жеке ишкерлердин жана фермердик чарбалардын саны 900 миңден ашты. Аларда миллиондон ашык адам иштейт. Бул ар бир жетинчи кыргызстандык бизнес жана жеке ишкерлик менен алектенет дегенди билдирет. Ошондуктан, бизнес-чөйрөнүн потенциалын консолидациялоо жана ишкердик активдүүлүккө көмөк көрсөтүү биздин өлкө үчүн өтө маанилүү маселе. Кеңеште күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүү жолдору да талкууланды.
Бардык маалыматтарга кайрылуу