Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасынын алдында Айыл чарба комитети түзүлдү
Көптөгөн бизнесмендер жаңы рынокторду издешет жана бул үчүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү ар кандай көргөзмөлөргө жана бизнес форумдарга катышууну каалашат деген пикир айтылды. Маселе күн тартибине коюлуп, бул багыттагы иштер активдештирилет. Ошондой эле палатанын жаңы мүчөлөрүн кабыл алуу маселеси козголду.
Палатанын президенти Темир Сариев билдиргендей, айрымдар палата ишкерлер үчүн милдеттүү мүчөлүктү киргизип жатат деп ырасташат.
"Бул чындыка дал келбейт. Палатанын мүчөлүгү ыктыярдуу жана тескерисинче, учурда бизнестин кызыкчылыктарын коргоо боюнча абдан активдүү иш жүрүп жатат. Мындан тышкары, Палатада тармактар боюнча жаңы комитеттер түзүлүп, иштин жаңы түзүмү уюштурулуп жатат. Бул аракеттердин бардыгы бир гана максатты көздөйт — ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо жана аларга өз убагында колдоо көрсөтүү.
Бардык маалыматтарга кайрылуу