Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте "Кыргызстан-Пакистан"бизнес форуму өз ишин баштады
Делегациянын курамында Пакистандан логистика, спорттук товарлар, фармацевтика, хирургиялык/стоматологиялык буюмдар, булгаары буюмдары, айыл чарба продукциялары, химиялык өнөр жай, курулуш жана эмерек өндүрүүчүлөр сыяктуу 40ка жакын алдыңкы компаниялар бар.
СӨП жетекчиси Темир Сариев Кыргызстан менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы кызматташтык көп жылдардан бери уланып келе жатканын, ошону менен катар өсүү тенденциясы оң экенин белгиледи. Расмий маалыматтар боюнча, 2022-жылы Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 11 миллион 961 миң АКШ долларын, анын ичинен экспорт 1 миллион 292 миң АКШ долларын, ал эми импорт 10,669 миллион долларды түздү.
«Өз кезегинде Соода-өнөр жай палатасы Пакистан менен Кыргызстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик жолугушууларды тез-тез өткөрүп, Форумдарды уюштуруп, суроо-талаптарды кабыл алып, Палатанын мүчөлөрүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле биргелешкен долбоорлор тууралуу маалымдоо боюнча иш алып барат. Учурда Пакистан аркылуу жаңы логистикалык каттамдар боюнча жүк ташуу маселеси активдүү талкууланууда:
- айыл чарба продукциясын экспорттоо-импорттоо;
- фармацевтика тармагын өнүктүрүү;
- эки өлкөнүн ортосундагы туризмди өнүктүрүү;
- текстиль тармагындагы сунуштар;
- жана башка багыттар боюнча форумдун алкагында дагы бир кадам алдыга жыла алабыз», - деп баса белгиледи Темир Сариев.
Форум мурда жетишилген макулдашууларды улантуу менен чектелбестен, эки тарапка тең товар берүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү табууга мүмкүндүк берет.

Бардык маалыматтарга кайрылуу