Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасы дагы бир жаңы Комитет – фармацевтиканы түздү
Жыйында тармактын актуалдуу маселелери жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.
СӨП башчысы республиканын фармацевтика тармагы оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканын белгиледи. СССРдин тушунда түзүлүп, ал эң ийгиликтүү өндүрүштөрдүн бири болгон. Бирок катуу атаандаштыктын жана мамлекеттик колдоонун жоктугунан көптөгөн ишканалар жабылды.
Тармактын негизги көйгөйлөрүнүн бири ата мекендик өндүрүшчүлөр республиканын дары-дармек ресурстарына (чөптөр ж.б.) жеткиликтүүлүгүн жоготуп, арзан сырье катары чет өлкөлөргө чыгып жаткандыгы болуп саналат. Мындан тышкары, ар кандай себептерден улам өлкөнү арзан, бирок сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кыла албай жаткан жеткирүүчүлөрдүн маселелери талкууланды.
Кыргызстандын фармацевттери КРнын Соода-өнөр жай палатасына тармактын, анын ичинде өндүрүүчүлөрдүн гана эмес, жеткирүүчүлөрдүн да кызыкчылыктарын алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында Соода-өнөр жай палатасынын алдында фармацевтика тармагындагы абалды көзөмөлдөп, ишкерлерди коргоо, анын ичинде мыйзам деңгээлинде иш алып баруучу жаңы Комитет түзүү чечими кабыл алынды.

Бардык маалыматтарга кайрылуу