биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Москвада эл аралык көргөзмө өз ишин баштады


Улуттук стенд 16 туристтик компания тарабынан көрсөтүлүп, зыяратчылардын жана экспоненттердин чоң кызыгуусун жаратты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы өкүлү Михаил Тумасов менен Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Елена Калашникова россиялык инвесторлорду туризмге тартуу боюнча кызматташуу, ошондой эле Кыргызстандагы долбоорлор, ошондой эле өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Кыргызстанда туристтердин агымын жайкысын эле эмес, кышында дагы көбөйтүү мүмкүнчүлүгү чоң. Бул үчүн иш-чаралардын сериясын ойлонуп, жыл бою тиешелүү инфраструктураны даярдоо керек. Туризм бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Мындай ири эл аралык иш-чараларга катышуу биздин өлкөгө көбүрөөк туристтерди жана инвесторлорду тартат, ошону менен катар Кыргызстанды дүйнөнүн төрт бурчунан келген саякатчылар үчүн дагы таанытат.

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу