Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте Кыргызстан жана БАЭ президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү
Кыргызстандын сөп башчысы Темир Сариев кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгуу зарылдыгын билдирди.
"Мен Дубайда кыргыз балын абдан баалаарын билем. Биздин адистер Европада анализ жүргүзүп, сапаты боюнча бул бал дүйнөдөгү эң мыктылардын бири экендигин аныкташты. Бүгүнкү күндө БАЭде бир нече компаниялар жигердүү иштеп жатышат, бирок азыр көлөмүн көбөйтүү керек. Ошондой эле Дубайда Кыргызстандын эти жогору бааланат. Жакынкы күндөрү бир жеке компания бир үй-бүлөлүк иш-чарага Кыргызстандан 200 баш бодо малды заказ кылган деп айта алам. Ошондуктан, биздин ишкерлер этти жетиштүү санда жеткирүүнү уюштурууга даяр", - деп белгиледи Темир Сариев.
Дубай соода-өнөр жай палатасынын президенти билдиргендей, Кыргызстандын элчилигинин аракетинин аркасында жайкысын Бишкек жана Абу-Даби ортосунда түз авиакаттам ачылат. Бул логистиканы кыйла жеңилдетет жана транспорттук чыгымдарды арзандатат.
"Биз Кыргыз компанияларынын өкүлдөрүнүн ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярбыз жана эки өлкөнүн компаниялары ортосунда бекем өнөктөштүк соода-экономикалык мамилелерди орнотуу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Ошондой эле кыргызстандык бизнесмендерге кызыкчылыктарын жана продуктыларын алга жылдырууга жардам берүүгө ниеттенүүдөбүз",- деп белгиледи Мухаммед Али Рашид Луутах.
Мындан тышкары, Эмиратта Кыргызстандан ири компаниялардын кеңселери ачылсын деген тилектер айтылды, бул ишкер байланыштардын кеңейишине таасирин тийгизери шексиз. БАЭ соода-өнөр жай палатасы Кыргызстандагы туристтик чөйрөгө абдан кызыкдар экендигин жана жыл сайын Эмираттан келген туристтердин саны көбөйүп жаткандыгы муну тастыктап тургандыгын баса белгиледи. Өзгөчө кооз жаратылыш жөн гана саякат сүйүүчүлөрдү өзүнө тартып турат, ал эми бул кызыгуу жогорку деңгээлде болушу үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү маселесин иштеп чыгуу зарыл жана БАЭ соода-өнөр жай тармагы туризмди өнүктүрүү үчүн инвесторлорду издөөгө көмөктөшүүгө даяр.
Бардык маалыматтарга кайрылуу