Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Москвада Россия - Кыргыз ишкерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Михаил Тумасов баяндама жасап, анын жүрүшүндө Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин атынан куттуктоо сөзүн окуду. Россия-кыргыз ишкерлер кеңеши алдына койгон маанилүү милдеттердин бири болуп системалык проблемаларды аныктоо жана өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде кошумча резервдерди издөө саналат. Жолугушуунун катышуучулары ишкер кеңеш бизнестин актуалдуу муктаждыктары жөнүндө маалыматты тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө ыкчам жеткирүүдө маанилүү роль ойной тургандыгын белгилешти.
Ишкер кызматташтыктын келечектүү багыттарынын катарында текстиль тармагы, айыл чарба, агроөнөр жай комплекси, маалыматтык технологиялар, радиоэлектроника жана туризм бөлүндү. Жолугушуунун катышуучулары акыркы жылдары россиялык ишкерлердин Кыргыз өнөктөштөрү менен бизнес жүргүзүүгө кызыгуусу ар дайым өсүп, делегациялык алмашуу активдешип жаткандыгын баса белгилешти. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү биздин өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн чоң потенциалга ээ экендигине ишенимин билдиришти. Алар эки өлкө тең олуттуу ресурстарга ээ экенин жана өз потенциалын толук ишке ашырууга жөндөмдүү экенин белгилешти. Ошентип, Россия-Кыргыз ишкерлер кеңеши Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо боюнча иштерди улантууда.
Бардык маалыматтарга кайрылуу