Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасы студенттер арасында республикалык олимпиаданын ишине эксперттик топ катары катышты
Олимпиадага Кыргызстандын 13 жогорку окуу жайы катышты. Олимпиада иштелип чыккан студенттерди башкаруу боюнча мыкты долбоорлорду жана бизнес-пландарды аныктоо максатында өткөрүлөт. Темир Сариев аларга мындан аркы ийгиликтерди каалады.
"Экономика жана бизнес чөйрөсүндөгү менеджерлерге азыр суроо-талап жогору. Мамлекеттик башкарууда же жеке компанияда болсун. Биздин жаштардын алган билимдери Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Биз балдарыбыз ЖОЖдорду бүтүрүп, Америка, Европа, Россия жана БАЭ алдыңкы компанияларына иштегени барган көптөгөн мисалдарды билебиз. Ийгилик каалайм, албетте, күчтүүлөр жеңишке жетет", - деп белгиледи Темир Сариев.
Палатанын президентинин айтымында, мындай иш-чараларды өткөрүү окуу жайлар менен ишкер коомдоштуктун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, бул окутуу жана кадрларды даярдоо программаларын жакшыртууга алып келет. Студенттердин иштери бир нече критерийлер боюнча аныкталат. Бул тесттик билим, башкаруу долбоорлорунун презентациясы жана квест оюну.
Бардык маалыматтарга кайрылуу