Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Омск облусунан келген делегация менен экономика министринин орун басары жана Соода-өнөр жай палаталар союзунун президенти менен жолугушту.
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариевдин айтымында, учурда орус рыногу кыргызстандык ишкерлер үчүн мурдагыга караганда көбүрөөк бошогон. Ата мекендик өндүрүшчүлөр азыртадан эле Россия Федерациясынын аймагына өз продукцияларын жеткирип жатышат. Ошол эле учурда Соода-өнөр жай палатасы бардык олуттуу долбоорлорду колдоп, бизнесмендерге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана жаңы өнөктөштөрдү табууда жардам берип келет.
Ал арада Кыргызстан менен Омск ортосундагы товар жүгүртүү өсүп, көлөмү боюнча төртүнчү орунда турат. Акыркы убакта бул сумма 15 миллион долларга жакынды түздү. Омск облусунун экономика министринин орун басары Константин Чуловский белгилегендей, мындан ары дагы активдештирүү жана байланыштарды түзүү максатында Омск облусунун губернатору апрель айында Кыргызстанга келет.
Бардык маалыматтарга кайрылуу