Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Сөп башчысы Россия-Кыргыз ишкерлер кеңешинин төрагасы менен жолугушуу өткөрдү
Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын өнүгүү темптери жөнүндө оң пикир алышып, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү маселесине системалуу мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
"Кыргызстан жана Россия стратегиялык союздаштар болуп саналат, бирок саясий өңүттөн тышкары биздин өлкөлөр ишкерлердин ортосундагы байланышты жолго коюшу керек. Тилекке каршы, Россиянын бардык аймактарында Кыргызстан менен кызматташуунун пайдасын билишпейт жана түшүнүшпөйт. Ошондуктан Ишкерлер кеңешинин ишин максималдуу түрдө активдештирип, бизнестин ырааттуу өнүгүүсүнө жетишүү керек", - деди Сариев.
Өз кезегинде россиялык тарап ар кандай деңгээлдерде тез-тез жолугушууларды өткөрүү, анын ичинде россиялык ишкерлер үчүн Кыргызстанга реалдуулуктар менен таанышуу жана кызматташуу үчүн жаңы байланыштарды издөө үчүн бизнес-турларды уюштуруу зарылдыгын баса белгиледи. Жолугушуу бейрасмий жылуу маанайда өттү.
Бардык маалыматтарга кайрылуу