биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Ош облусунун ишкерлери менен жолугушту


Жолугушуу активдүү режимде өттү. Тараптар актуалдуу маселелерди жана ишкерлердин башкы маселелерин кызуу талкуулашты. Биснесмендер салык реформасы көптөгөн түшүнбөстүктөрдү жана кыйынчылыктарды жаратып жатканын белгилешти. Процедураны жөнөкөйлөтүү боюнча пикирлер айтылды, бирок ошол эле учурда ишкерлер салыктарды төлөө жана салыктын ачык-айкындуулугун, ошондой эле өкмөттүн салык төлөбөгөндөрдү көмүскөдөн чыгаруу аракетин түшүнүшөт.
"Баары эле экономиканын өсүшүн айтып жатышат, бирок биз кантип өнүгө алабыз? Салыктар, ар кандай чектер ж.б. бул ийгиликке чоң тоскоолдук гана. Мисалы, дыйкандар түшүмдөрүн тез арада сатуу керек, эми жазында баарын себүү үчүн арзан кредит керек, аларды кайдан алсам болот?», - дешет ишкерлер.
Сариев ишкерлерге СӨПнын иши тууралуу, палатанын негизги функцияларын жана мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди. Ал ошондой эле жергиликтүү ишкерлерди ассоциация түзүп, Соода-өнөр жай палатасына кирүүгө, азыркы мүчөлөрдү дагы активдүү болууга чакырды. Жолугушууга келгендер Соода-өнөр жай палатасынын президентине жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, аларды тез-тез уюштуруп турууну каалашты. Жолугушуунун жыйынтыгында СӨП менен тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу