Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Москвада өтүп жаткан КМШнын Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышууда
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ВДНХ (Бүткүл россиялык көргөзмө борбору) көргөзмө комплексинде болуп, “Кыргызстан” улуттук павильонун көрүп чыкты жана Көргөзмө боюнча мамлекеттер аралык кеңештин жыйынына катышты. Жолугушууга ошондой эле КР Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы өкүлү – Тумасов М.И., Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү, Москва шаарынын өкмөтүнүн, КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана журналисттер катышты.
Жыйын КМШнын Башкы катчысынын орун басары И.Нематовдун жана «ВДНХ» ААКнын башкы директору С.Шогуровдун куттуктоо сөздөрү менен башталды. Андан соң КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Т.А.Сариев сөз сүйлөп, ВДНХ көп жылдардан бери Шериктештикке кирген мамлекеттердин ортосундагы достуктун жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын мекени болуп келгендигин белгиледи.
Жыйында өткөн жылдагы иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, иш пландары жана 2023-жылы Мамлекеттер аралык кеңештин жардамы менен өткөрүү сунушталган көргөзмөлөрдүн тизмеси макулдашылды. ВДНХнын территориясында улуттук павильондордо кергезме-соода борборлорун түзүү боюнча иштин журушу жана аларды иштөөнүн перспективаларына өзгөчө көнүл бурулду.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Т.А.Сариев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн ортосунда көргөзмө, жарманке жана конгресс ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө жана көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле ВДНХнын аймагында «Кыргызстан» улуттук павильонунун ачылышынын маанилүүлүгүн белгиледи, анын иши инвестицияларды тартууга жана өлкөлөр ортосундагы өнүгүүгө жардам берет.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынында катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгынын түрдүү маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти илимий-техникалык жана инновациялык өнүгүү, соода, транспорт, туризм жана экономиканын башка тармактарында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жигердүү салым кошууга даяр экендигин билдирди.
Ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын маанилүүлүгү жана соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ролу баса белгиленди. Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президентинин ВДНХга болгон иш сапары жана КМШнын Мамлекеттер аралык кеңешинин отурумуна катышуусунда КМШга мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Бардык маалыматтарга кайрылуу