Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү Түркияда тажрыйба алмашуу боюнча жүрүүдө.
Өкүлдөргө сертификациялоо жана тиешелүү кызматтарды көрсөтүү боюнча санариптик система менен иштөө тажрыйбасын көрсөтүштү жана айтып беришти. КР СӨП өкүлдөрү үчүн лекциялардын бүтүндөй программасы түзүлүп, алар боюнча төрт күндүн ичинде алдыңкы технологиялар туурасында айтып беришет. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы палатанын стратегиясын жыйынтыктоодо, ошондой эле соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү айрым мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Түркиянын тажрыйбасы салыштырмалуу анализ жүргүзүүгө жана бул өзгөртүүлөрдү иш жүзүндө колдонууга жардам берет. Делегациянын курамында КР экономика жана Коммерция министрлигинин өкүлдөрү да бар.



Бардык маалыматтарга кайрылуу