биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасы өндүрүүчүнү коргоп, Россияга “Тойбосс” маселеси боюнча суроо-талап жөнөттү.


Буга чейин Россельхознадзор Кыргызстандан алынып келинген колбасада соянын курамында декларацияланбаган чочко ДНКсы бар экенин аныктаган. Ведомство Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын көңүлүн мал чарба азыктарын экспорттоодо ветеринардык көзөмөлдүн жетишсиздигине бурду. Тойбосс Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү жана рынокто көптөн бери иштеп келет.
Ата мекендик өндүрүш өзүн абийирдүү экенин далилдеп, продукциянын адал экенине жана тиешелүү органдар тарабынан дайыма текшерилип турат деп ишендирүүдө. Компания ошондой эле белгилүү бир продуктуну өндүрүүдө кабыл алынган бардык нормаларды жана стандарттарды сактайт. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы буга чейин россиялык кесиптештерине – Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасына бул маселени карап чыгуу, учурдагы кырдаалга өз баасын берүү жана чындыкты аныктоо үчүн колдон келгендин баарын кылуусун суранды. Ошондой эле, анын ичинде Россельхознадзор менен биргеликте бардык жагдайларды аныктоо зарыл.. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы ар дайым кыргызстандык өндүрүүчүлөрдү жактайт жана муну бардык деңгээлде жүргүзөт.

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу