Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Палатанын Президентинин Германияга болгон иш сапары уланууда
Жакынкы арада Германиядан келген делегациянын иш сапары күтүлүүдө, анын курамында 6 ири немис компаниясынын өкүлдөрү болот. Немис ишкерлеринин негизги кызыкчылыгы Айыл чарба тармагы. Акыркы жылдары Кыргызстан кара өрүктү жана жаңгакты Германияга экспорттой баштады, ошондой эле топоздун жүнү жана териси Германия рыногуна чыгуу үчүн келечектүү товарлар болуп саналат. Германияга болгон иш сапарынын алкагында Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар мындан аркы кызматташуу жана немис инвестицияларын тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Азыркы учурда элчи кыргызстандык бизнесмендерди Германияга өнөктөш табуу жана жаңы технологиялар менен таанышуу үчүн Активдүү чакырууда.






Бардык маалыматтарга кайрылуу