Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » "Омск шаарынан 19 компания Кыргызстанда өнөктөш издеп жатышат"
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы Омск облусунун Соода-өнөр жай палатасы менен кызматташтыкта Россия Федерациясынын ишкер чөйрөлөрүнүн Ош жана Бишкек шаарларына сапарын уюштурушту. ИШ-чара 18-21апрелине чейин өтөт. Омск делегациясынын курамына айыл чарба техникасын өндүрүүгө, стандарттуу эмес технологиялык жабдууларды жана программалык продуктуларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө, тигүү өндүрүшүнө, дан соодасына, макарон азыктарын өндүрүүгө, үрөн өндүрүүгө, саламаттык сактоого, билим берүүгө, туризмге жана башкаларга адистешкен 19 компаниянын өкүлдөрү кирет. Иш сапардын алкагында Ошто бизнес-форум болуп, анда эки өлкөнүн ишкерлери өздөрүнө бизнес-өнөктөш таап, келишим түзө алышты. Мындан тышкары, Бишкекте өнөктөштөрдү издөө жана сооданы өнүктүрүү максатында россиялык жана Кыргыз компанияларынын ортосунда бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда.
Форум 20-апрелде "Новотель" мейманканасында саат 10:00дөн 13:00гө чейин өтөт. Чакырууну карап чыгып, кызыкдар болгон учурда 613874, 613876 же эл боюнча өз ырастамаңызды берүүнү суранабыз. почта info@cci.kg, members@cci.kg
Тиркеме- список российских компаний, с описанием деятельности
Бардык маалыматтарга кайрылуу