биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » "КР Соода-өнөр жай палатасынын транспорт комитети Борбор Азия жана Түштүк Азиядагы логистикалык агымдар үчүн жаңы стратегияларды иштеп чыгууда"


Палатанын Вице-президенти Эльмира Батаева транспорттук компаниялардын жана логистикалык борборлордун өкүлдөрү менен жолугушуп, коңшу өлкөлөргө жүк ташуу маселелерин талкуулады. Комитет мүчөлөрү сөп менен биргеликте жүк ташуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрө турган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууга ниеттенүүдө.

Мындан тышкары, Борбордук Азиянын транспорттук-логистикалык өнөктөштүгү менен чет элдик донорлор менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн кеңейте турган меморандумга кол коюу даярдалууда. Комитеттин мүчөлөрү ошондой эле Перс булуңу, Пакистан, Индия багытында логистикалык агымдарды өнүктүрүү, Каспий деңизи аркылуу альтернативалуу каттамды өздөштүрүү жана бул багыттарда товар жеткирүүчүлөрдү аккредитациялоо маселелерин карашат. Бул маселелердин бардыгы КР Соода-өнөр жай палатасынын аянтчасында каралат жана киргизилет.

 


Бардык маалыматтарга кайрылуу