биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев КР Улуу Британиядагы элчилигинин уюштуруучулук жардамы менен Лондондо эки күндүк иш сапары менен жүрөт.


Делегациянын курамында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана текстиль өнөр жайынын ассоциацияларынын өкүлдөрү бар. Жолугушуулардын жүрүшүндө Т.Сариев жана Элчи У.Джусупов Улуу Британия тарабынан сунушталган жаңы DCTS соода преференциясын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты, ал Кыргызстандын товарлары үчүн британ рыногуна алымсыз негизде кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Тараптар ошондой эле потенциалдуу көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун, Кыргызстандын экспортунун түзүмүн, логистикалык маршруттарды жана экспорттук продукцияны сертификациялоо маселелерин талкуулашты. Великобританиянын тышкы иштер министерствосунда болгон жолугушууда делегацияны Великобританиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик секретары Дж. Клеверли мырза.  Ошондой эле Т.Сариевдин Эл аралык байланыштар боюнча директору Крис Аллан жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Ник Боулер менен жолугушуусу уюштурулуп, мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Пол Уоттингем жетектеген Улуу Британиянын тышкы иштер жана өнүктүрүү кеңсесинде өткөн сессияга КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев катышты. Ишкерлер Өнүгүп келе жаткан мамлекеттер менен соода кылуунун жаңы схемасы (DCTS) менен таанышып, текстиль жана айыл чарба секторлоруна өзгөчө көңүл бурушту. Бул Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосундагы 2019-жылдан берки биринчи соода миссиясы жана эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

  

  

 

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу