биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Италиялык делегация Кыргызстанда Соода-өнөр жай палатасын түзүүнү жана жергиликтүү ЖОЖдор менен кызматташууну сунуштайт.


Ошондой эле айыл чарба, текстиль, курулуш, кайра жаралуучу энергияны өндүрүү жана башка тармактарда адистешкен алдыңкы италиялык компаниялардын юрист-консультанттары дагы келишти.

Делегация Кыргызстандын аймагында ишке ашырууну көздөгөн конкреттүү долбоорлор менен келди. Биринчи кезекте Кыргыз-италиялык соода-өнөр жай палатасын түзүү боюнча сунуш түшкөн. Ардактуу консул бул долбоорду ишке ашыруунун алкагында италиялык жана кыргызстандык бизнесмендерди тартып, аларга эки өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө болот деп ишенет. Мындан тышкары, Италия ар кайсы тармактарда жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен кызматташууга даяр жана студенттерди каржылоону Италия тарап өзүнө алууга даяр. Италия делегациясынын бардык сунуштары Соода-өнөр жай палатасы тарабынан кыска мөөнөттө каралат жана Кыргызстандын аймагында өнөктөштөрдүн болушуна шарт түзөт.

  

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу