биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » ШКУнун ишкер кеңеши потенциалдуу долбоорлорду онлайн отурумда талкуулады


Потенциалдуу бизнес-долбоорлор жана сунуштар талкууланды.

КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ШКУ мейкиндигиндеги бардык ишкер коомчулукту бириктирген абройлуу уюмдар жетектеген ШКУ ишкерлер кеңеши активдүү болуп, өз ара сооданы өнүктүрүүгө тоскоол болгон олуттуу маселелерге көңүл буруусу керектигин айтты. Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун ролун белгиледи. Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш рынокторуна жол ачат.

Темир Сариев, ошондой эле чакан жана орто бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жеңилдетүүгө багытталган кошумча механизмдерди түзүүнү сунуштады. Атап айтканда, ал айыл чарба жана башка продукцияларды сертификациялоо боюнча ШКУ өлкөлөрүнүн бирдиктүү лабораториясын түзүүнү сунуштады, ал продукцияны ШКУ өлкөлөрүнүн рынокторуна жылдырууну кыйла жеңилдетет. Мындан тышкары, төмөнкү чаралар сунушталды: өнөр жай-технологиялык кооперациянын жалпы мейкиндигин, ар кандай чөйрөлөрдө кесипкөй кадрларды даярдоо боюнча бирдиктүү окуу борборун түзүү, ШКУ өлкөлөрүнүн туруктуу иштөөчү көргөзмө-Конгресс аянтчасын түзүү жөнүндө сунушту активдүү илгерилетүү, ошондой эле аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана алгачкы кадамдарды жасап жаткан жаш ишкерлерди өнүктүрүүгө ар тараптан көмөктөшүү.

  

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу