биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары »  КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти менен Пакистандын Элчиси: кызматташтыктын жана жашылча-жемиштерди экспорттоонун келечеги


Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хасан Али Заигам менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Пакистандын Кыргызстандагы элчиси палата баштаган ишкерлердин кыргыз делегациясын ушул жылдын июнь айында Пакистанда өтө турган көргөзмө-жарманкеге катышууга чакырды. Мындан тышкары, пакистандык ишкерлер Кыргызстандын жашылча-жемиштерин экспорттоого кызыкдар жана КР Соода-өнөр жай палатасынан ишкерлер менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышууда. Элчинин айтымында, Пакистан-Өзбекстан жолунун курулушу пландаштырылууда, бул Орто Азия өлкөлөрүнөн жүк ташууга чоң түрткү берет.

Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хасан Али Заигам КР Соода-өнөр жай палатасынын Президентин Пакистанга иш сапары менен келип, экономикалык тармактагы мындан аркы кызматташтыкты активдештирүүгө чакырды.
  


Бардык маалыматтарга кайрылуу