Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Кыргызстандагы Венгриянын элчиси менен бизнес-кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады КР
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды жөнгө салууга байланыштуу ар кандай маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды жөнгө салууга ар кандай маселелерди талкуулашты. Элчи КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысына бизнес-форумду жана ишкер кеңешти уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Февралда Венгрияда Кыргыз-Венгрия Ишкерлер кеңешинин үчүнчү жыйыны жана бизнес-форум сыяктуу иш-чаралар өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышты. Бизнес-форум туризм, курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү жана башка тармактардан 100гө жакын ири компаниялардын өкүлдөрүн чогултту. Иш-чаралардын жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу бир катар документтерге кол коюлду.
Бардык маалыматтарга кайрылуу