биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » IRAN EXPO 2023- бул экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн көргөзмөсү


Иш-чара 7-майдан 10-майга чейин Тегеран эл аралык көргөзмө борборунда өтөт. Ачылыш аземи Ирандын президенти Эбрахим Раисинин катышуусунда өттү. Көргөзмө дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 1000ден ашык чет элдик ишкерлер жана өнөр жайчылардын катышуусунда өтүп жатат.

Анын жүрүшүндө 800дөн ашык Ирандын алдыңкы экспортчулары жана өнөр жайчылары өз продукцияларын тартуулашат.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Ирандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда түзүлгөн комитеттин төрагасы менен Ирандын Кыргызстандагы элчилигинде жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун келечегин жана бизнести өнүктүрүүнү талкуулашты.

Көргөзмөгө Кыргызстандын 42 ишканасынан турган кыргызстандык ишкерлердин чоң делегациясы келген. Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстан менен Ирандын ишкерлеринин эки тараптуу жолугушуулары өттү.



  

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу