Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КР СӨП Абу-Дабиде жыл сайын өтүүчү инвестициялык форумга катышууда, анда туруктуу экономикалык өсүш жана өнүгүү үчүн келечектеги мүмкүнчүлүктөр талкууланат.
Иш-чара Абу-Даби Улуттук Көргөзмө борборунда (ADNEC) “Инвестициялык парадигмалардын жылышы: Туруктуу экономикалык өсүштү, көп түрдүүлүктү жана гүлдөп-өнүгүүнү илгерилетүү үчүн келечектеги инвестициялык мүмкүнчүлүктөр” деген теманын алдында өттү.
Форумдун алкагында катышуучу өлкөлөр өздөрүнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана экономикалык шарттары тууралуу маалымат беришет, инвестициялык презентацияларды жана максаттуу инвесторлор менен жабык тегерек столдорду өткөрүшөт.
Соода-өнөр жай палатасынын президенти ири инвесторлор менен бир катар жолугушууларды өткөрүүдө. Мындан тышкары, Сариев жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Абу-Даби шаарындагы жаңы шайланган Туруктуу өкүлү Алмаз Кененбаев БАЭнин Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары доктор Али менен жолугушту.
"Кыргызстан кызматташтыктын бир нече багыттарына абдан кызыкдар. Булар жашыл экономика, ошондой эле таза энергияны өндүрүү, экологиялык жактан таза тамак-ашты өндүрүү жана сатуу. Санариптештирүү жана IT сектору, ошондой эле туризмди уюштуруу өзгөчө биздин республика үчүн маанилүү. Биз инвесторлорду гана таап тим болбостон, алардын кеңейтүү жана потенциалдуу сатуу рыногун издөө үчүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүнү каалайбыз. Бул үчүн Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү гана эмес, ошондой эле ар кандай бизнес өкүлдөрүнөн турган делегация да келген», - деди Сариев.
БАЭнин Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары доктор Али Кыргызстан БАЭ менен кызматташууга өтө олуттуу мамиле жасай турганын белгиледи.
"Азыр Абу-Дабиде КРнын Соода-өнөр жай палатасынын туруктуу өкүлү боло тургандыгы көп нерсени айтып турат. Биздин палатанын ишин реформалоонун алкагында Кыргызстан сунуштаган долбоорлорду жана өзгөчө энергетика тармагын активдүү колдойбуз. Биз ошондой эле кесиптештердин алдында турган бардык маселелерди чечүүгө көмөктөшөбүз”,-деди доктор Али.
Тараптар эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле өткөн жылы Араб Ишкерлер Кеңешин түзүү жана анын иштеши боюнча кол коюлган меморандумдун алкагындагы иш-аракеттерди макулдашышты.
12-жылдык инвестициялык жолугушуу (AIM Global 2023) инновацияларга жана технологияга арналган. Форумга дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн өкүлдөр катышаары жарыяланды.
Бардык маалыматтарга кайрылуу