Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » "Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен JAFZA экономикалык аймагында кызматташуу тууралуу макулдашты
Кыргыз компанияларга JAFZA тарабынан атайын Дубайдагы компанияларынын бет ачары өткөрүлдү жана Бишкек экономикалык аймагынын ар кандай департаменттеринин өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү. Транспорттук компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстандан БАЭге жана андан ары Перс булуңундагы өлкөлөргө жүк ташууда экономикалык аймак менен өз ара аракеттенүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Мындан тышкары, "Адал Азык" кыргыз компаниясынын өкүлдөрү эркин аймакта компания ачуу жана өндүрүш мүмкүнчүлүгү тууралуу толук маалымат алышты. КР Соода-өнөр жай палатасы БАЭ эркин аймагынын өкүлдөрү менен кызматташат жана БАЭ рыногунда бизнес-коомчулуктун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтөт.
Жолугушуунун соңунда ишкерлер үчүн компанияны онлайн-платформаны колдонуу менен экономикалык аймакта бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары жана аны каттоо маселелери боюнча тренинг өткөрүү макулдашылды.
Бардык маалыматтарга кайрылуу