биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрүнүн санынын өсүшү: бизнес чөйрөсүнө дагы 57 бизнесмен кошулду


«Учурда Соода-өнөр жай палатасына кирүүнү каалагандар көп. Соода-өнөр жай палатасын өлкөдөгү эң ири бизнес коомчулугуна айландыруу жана анын өнүгүшүнө шарт түзүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Биз мамлекеттин жана бизнестин орчундуу маселелерди чечүүдө ишенимдүү өнөктөшпүз», - деди Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев.

Ишканалардын өкүлдөрү ирандык жана кытайлык компаниялар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүдө көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн Соода-өнөр жай палатасына ыраазычылык билдиришти. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына катышуу аларга бизнес-кеңештерге жана бизнес форумдарга расмий катышууга, ошондой эле жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүндүк берди.

«Биздин компания жакында эле Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын делегациясынын курамында Иранга иш сапары менен барып келди жана биз ирандык компания менен кызматташуу боюнча макулдашып, ортомчуларсыз кызматташуу келишимин түзүүгө жетиштик. Полиэтилен баштыктарды чыгарып, азыр Ирандан да продукция алып келебиз.

Соода-өнөр жай палатасынын активдүү иш-аракети жана көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз”,- деди “Жапаров ИМ” ишканасынын жетекчиси Авасхан Жапаров.

«Кытайлык компаниялар менен жолугушуу уюштуруу өтүнүчү менен КРнын Соода-өнөр жай палатасына кайрылганбыз. Палата виза боюнча эле жардам бербестен, бизге өнөктөштөрдү да таап берди, сүйлөшүүлөр абдан жемиштүү болду. КРнын Соода-өнөр жай палатасы аркылуу башка өлкөнүн бизнесмендерине кайрылганыбызда каралат», — деди «РосЭлектро» ЖЧКсынын өкүлү Кылычбек Кыязов.

Иш-чаранын катышуучулары Соода-өнөр жай палатасы бизнес үчүн идеалдуу аянтча экенин белгилешти. Дал ушул жерде палаталардын мүчөлөрү өздөрүнүн потенциалын толук ишке ашыра алышат жана өз аймагындагыдай эле, бүткүл өлкө боюнча дагы ишкердикти өнүктүрүүгө таасир этүүчү процесстер боюнча позициясын билдире алышат. Дал ушундай ишкерлер үчүн палата Соода-өнөр жай палатасынын негизги милдеттеринин бири – мүчө уюмдардын кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу чечилген аянтча болуп саналат.

«Биз Кыргызстандын клиникаларын медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу менен алектенебиз, ошондуктан медицинадагы жаңылыктарга көз салуу үчүн дүйнө өлкөлөрүнө баруу биз үчүн абдан маанилүү. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына киргенден кийин бизнес-кеңештерге, бизнес форумдарга расмий катыша башташты жана көптөгөн өнөктөштөрдү табууга жетишти. Палатага активдүү иш алып барганы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз», - деди «Агуа Медтек» ЖЧКсынын директору Эрнис Асанов.

Салтанаттуу кырдаалда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын бардык жаңы мүчөлөрүнө сертификаттар тапшырылды.

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 


Бардык маалыматтарга кайрылуу