биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » «Кыргызстандагы экспорттук абал: чакырыктар жана потенциалдар»


Экспорт маселелери жана аны өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан маселелер талкууланды. Иш-чаранын алкагында палатанын эксперттери укуктук маселелер, товарларды сертификациялоо, СӨП мүчөлүгү боюнча кеп-кеңештерин берип, ишкерлердин суроолоруна жооп беришти. Соода-өнөр жай палатасы экспортерлор үчүн рынокторду жана потенциалдуу өнөктөштөрдү табууга да жардам берет. Бизнес-форумдарга, көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу бизнести өнүктүрүү үчүн маанилүү. Эксперттердин баамында, Борбор Азия өлкөлөрүндө экспорт жаатында абал ар түрдүү. Бул мамлекеттердин айрымдары, мисалы, Казакстан жана Өзбекстан экспорттук потенциалын активдүү өнүктүрүп, чет элдик инвестицияларды тартууда. Алар экспорттук рынокторун, өзгөчө энергетикалык ресурстарды, айыл чарба продукцияларын жана текстилди кеңейтүүгө умтулушат. Анткен менен Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү экспорттук белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болушат. Маселен, Кыргызстанна портторго жана транспорттук каттамдарга жетүүдө кыйынчылык жаралып, экспортту кыйындап, жана ал кымбатка туруп жатат. Эксперттер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу менен абал жакшы жагына өзгөрөт деген ишенимде. Жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрү экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө кызыкдар болуп, инфраструктураны жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча кадамдарды жасап жатышат. Алар башка региондор менен соода байланыштарын түзүү боюнча жигердүү иштеп, экспорттук тармактарды өнүктүрүү үчүн чет элдик инвестицияларды тартууга умтулууда.
  

Бардык маалыматтарга кайрылуу