Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » "Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү: соода-өнөр жай палатасынын президенти менен Шанси провинциясынын комитетинин төрагасынын жолугушуусу"
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар маселелерди көтөрүштү. Эки тарап тең соода-экономикалык байланыштардын алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө терең кызыкдар экендиктерин билдиришти. КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргыз Республикасы менен Шанси провинциясынын ортосундагы сооданы жана инвестицияларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле эки тараптын ортосундагы бизнес-байланыштарды чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даярдыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө соода алмашууга көмөк көрсөтүү, анын ичинде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун жана импортун жогорулатуу, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу жолдору талкууланды. Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү стимулдаштыруу үчүн ишкер миссияларды, көргөзмөлөрдү жана форумдарды Активдүү өткөрүү ниетин билдиришти. Шанси провинциясынын Эл аралык соодага көмөктөшүү комитетинин төрагасы менен жолугушуу эки тараптуу байланыштарды чыңдоодо жана жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн түзүүдө маанилүү кадам болду. Эки тарап тең экономиканы өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Шанси провинциясынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө боло турган жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты. Жолугушууда ошондой эле Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү "Джунда" заводун курууга жооптуу Шансин көмүр-химиялык индустриалдык корпорациясы тарабынан Кыргызстандын экономикасына инвестиция салуу талкууланды. Бул ири компаниянын өкүлдөрү заводдун курулушунун экинчи этабына киришип, К5 евростандарттын мунай заттарын терең иштетүүгө, ошондой эле полипропилен өндүрүшүнө басым жасоо ниетин билдиришти. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча КР Соода-өнөр жай палатасы менен Шанси провинциясынын Эл аралык соодага көмөктөшүү боюнча комитетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Бардык маалыматтарга кайрылуу