Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » "Инновациялык чөйрөдө кыргыз-россиялык өз ара аракеттенүүнүн перспективалары жөнүндө онлайн-стратегиялык сессия"
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын (КР СӨП) жана Россия Федерациясынын, Евразия экономикалык бирлигиндеги өнөр жай кооперациясы боюнча долбоордук кеңсенин, "Сколково" фондунун жана Кыргыз-Россия ишкер кеңешинин өкүлдөрүн чогултту. Сессияда катышуучулар биргелешкен жаңы долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрүн, Кыргызстандын жана Россиянын рынокторунда илимий-техникалык продукцияларды жайылтууга көмөктөшүүнү, ошондой эле инвестицияларды тартууну талкуулашты. Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Элмира Батаева өз сөзүндө Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү багыттарга токтолду. Буга энергетика, тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана туризм кирет. Белгилей кетсек, Россия Кыргызстандын экономикасына негизги инвесторлордун бири болуп саналат жана 2022-жылы эле Россиядан келген түз инвестициянын көлөмү эки миллиард доллардан ашкан/ Азыркы учурда энергетика, өнөр жай өндүрүшү жана фармацевтика чөйрөсүндө жаңы инновацияларды колдонуу менен Кыргызстан менен Россиянын ортосунда биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Стратегиялык сессиянын жыйынтыгы боюнча Тараптар бир катар долбоорлорду ишке ашыруу жана бизнес-ассоциациялар менен жолугушууларды өткөрүү жөнүндө макулдашышты, бул алардын инновациялык чөйрөдө кызматташтыкты бекемдөөгө умтулуусун тастыктайт.




Бардык маалыматтарга кайрылуу