Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » "Жалал-Абадда жашыл форум: кайра жаралуучу энергия жана туруктуу туризм биринчи планда"
Форумга дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын, академиялык институттардын өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Форумдун башкы максаты туристтик сектордогу ишкерлер арасында жашыл энергоэффективдүү технологияларды илгерилетүү жана жагымдуу экосистеманы түзүү аркылуу туризмди туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу болду.
Форумдун алдында ишкерлер энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы өз продукцияларын сунуштаган көргөзмө өттү. Бул форумдун катышуучуларына экологиялык таза өнүгүүгө өбөлгө түзгөн инновациялык чечимдер жана технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди.
"Форумдун негизги милдеттеринин бири туризм секторунда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана жайылтуу максатында кызматташуу жана бардык кызыкдар тараптарды бириктирүү үчүн платформа түзүү болду. Форумдун алкагында ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ишкердик климат тууралуу жалпы маалымдуулукту жогорулатууга жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана инвестициялык коомчулуктун кызыгуусун өлкөдөгү потенциалдуу инвестициялык келечекке тартууга умтулушту",- деп белгиледи КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев.
Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жаатында жогорку потенциалга ээ, өлкөнүн өсүп жаткан керектөөлөрүн канааттандыруу жана экологиялык таза энергетикага өтүү үчүн жетиштүү. Мамлекет мындан ары экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана орто мөөнөттүү келечекте кирешенин орточо деңгээлинен жогору болуу үчүн казылып алынган отунга болгон көз карандылыкты азайтуу боюнча оор милдетке туш болууда. Форум ошондой эле бизнес-коомчулуктун, инвесторлордун жана мамлекеттик органдардын ортосундагы байланыштарды жана өнөктөштүктөрдү түзүүгө өбөлгө түздү.
Бардык маалыматтарга кайрылуу