Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Улуу Британиянын элчилигинин Убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун ОВЕ менен жолугушуу өткөрдү.
2019-жылдын март айында улуу британиянын 12 компаниясы Кыргызстанга келип, өз ишин өлкөнүн бизнес-коомчулугуна ийгиликтүү сунуштаганын белгилей кетүү маанилүү.
Темир Сариев Кыргызстандын ишкерлери улуу британиянын компаниялары менен ишкер мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Өз кезегинде убактылуу ишенимдүү өкүл Шарлотт Сурун белгилегендей, жакынкы арада Улуу британия бизнесмендер үчүн атайын преференцияларды берүү менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн соода схемасын киргизүүдө. Бул схема тарифтерди төмөндөтүүнү, өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн товарлардын келип чыгуу эрежелерин жөнөкөйлөтүүнү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн Улуу Британияга товарлардын 99 пайызын алымсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн камтыйт.
Бул жолугушуу эки тараптуу кызыгууну жана Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого даярдыгын баса белгилеп, ошондой эле кыргызстандык ишкерлер үчүн өз продукцияларын Европа рыногуна экспорттоо жаатында кошумча перспективаларды берди.
Бардык маалыматтарга кайрылуу