биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » "Өзбекстанга Бизнес-тур: Агробизнестин алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүү жана соода байланыштарын чыңдоо"


Аталган иш-чара "АГРОСООДА"долбоорунун колдоосу менен уюштурулду. Жолугушуунун негизги максаты айыл чарбасындагы маалыматтарга, билимдерге жана инновацияларга жеткиликтүүлүк берүү жолу менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы агробизнес менен алектенген аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле иштеп жаткан бизнестин масштабын кеңейтүү үчүн алардын потенциалын бекемдөө болду.

Насаатчылык программасынын алкагында эң ийгиликтүү он катышуучу үчүн Өзбекстанга бизнес-тур уюштурулду. Турдун негизги максаты Өзбекстандын агробизнес ишканалары менен соода байланыштарын түзүү жана агробизнес тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү болду. Иш сапардын алкагында делегация холдингдин "Арт Софт кластер"текстиль комплексинде да болушту. Бул ишкана пахта өстүрүү жана аны толугу менен кайра иштетүү менен алектенет. Завод күн сайын 13 тоннага чейин текстиль продукциясын өндүрөт. Мындан тышкары ишкерлер химиялык жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү ишканага барышты. Бул завод Орто Азияда 100дөн ашык продукцияны чыгарган жана өзүнүн лабораториясы бар жалгыз завод болуп саналат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында айыл чарба продукциясын жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Бул кызматташтык Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосундагы соода байланыштарын өнүктүрүүгө, ошондой эле айыл чарбасындагы алдыңкы тажрыйба жана технологиялар менен алмашууга өбөлгө түзөт.

  

  

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу