биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары »  Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын (КР СӨП) башчысы Темир Сариевдин "Кыргызстан Аялдар лигасы"бизнес-клубу менен жолугушуусу болуп өттү.


 "Кыргызстан Аялдар лигасы" Бизнес-клубу өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана "Борбор Азия аялдар лигасын"түзүү ниетин билдирди. Жаңы уюмдун башкы максаты бизнес жана региондук экономикалык интеграция чөйрөсүндө аялдардын экономикалык ролун бекемдөө максатында Борбордук Азия регионунда ишкер айымдарды колдоо жана өнүктүрүү болот.

Мындан тышкары, "Кыргызстан Аялдар лигасы" бизнес-клубунун өкүлдөрү ар кайсы өлкөлөрдөгү ишкер кеңештерге мүчө болуу сунушун алышты. Ушуга байланыштуу, аялдар лигасынын катышуучулары КР СӨП өкүлү катары ар кандай ишкердик жана экономикалык демилгелерге активдүү катыша алышат. Белгилей кетсек, "Кыргызстан Аялдар лигасынын" катышуучулары соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү болуп саналышат, бул аларга КР Соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгүнө катышуу жана ишкердик аракеттерине колдоо алуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат. Бул жолугушуу Борбор Азия регионунун бизнесиндеги аялдардын ролун өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат жана алардын региондун экономикалык өнүгүүсүнө катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
  

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу