Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Абу-Дабидеги кыргыз Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Алмаз Кененбаев Абу-Дабидеги Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти менен жолугушту.
Алмаз Кененбаев КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевден куттуктоо сөзүн айтты. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын күзүндө ишкерлер кеңешин өткөрүүгө байланыштуу маселелер талкууланды. Абу-Дабидеги палатасынын Вице-президенти бардык жети эмираттын катышуусу менен ишкер кеңеш өткөрүүнү сунуштады. Белгилей кетсек, Соода-өнөр жай палатасынын Президентинин жетекчилиги алдында Кыргыз бизнес-делегациясы Дубайга барып, жүк ташуу, банк чөйрөсү, корреспонденттик эсептерди ачуу жана БАЭ валютасында операцияларды жүргүзүү сыяктуу бир нече тармакта кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле туристтик тармактагы кызматташтыктын келечегине өзгөчө көңүл бурулду.



Бардык маалыматтарга кайрылуу