биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары »  Кыргызстанга Башкортостан Республикасынан эки аймактын ортосундагы экономикалык мамилелерди чыңдоо максатында делегация келди.


Делегациянын курамына РФнын КРдагы соода өкүлү Айнур Саманов, Башкортостан Республикасынын тышкы экономикалык байланыштар жана Конгресс ишмердүүлүгү министринин биринчи орун басары Лена Изотова, РФнын КРдагы Соода өкүлчүлүгүнүн консультанты Николай Бабкин жана "Башкортостан Республикасынын экспортту колдоо борбору" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун көргөзмө-жарманке ишинин департаментинин жетекчиси Лилия Зулькарнева кирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Башкортостандын ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү келечеги талкууланды. Тараптар ишкерлерге жаңы өнөктөштөрдү табууга жардам бере турган биргелешкен бизнес-форумдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Учурда Кыргызстан Башкортостанга металл, азык-түлүк жана машина куруу буюмдарын экспорттойт. Экинчи жагынан, Башкортостан азык-түлүк, жашылча-жемиш жана жеңил өнөр жай товарларын жеткирүүгө кызыкдар. Бирок, Борбордук Азия өлкөлөрүндө логистиканын кымбаттыгы белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратууда. Ишкерлерди колдоо үчүн Башкортостан бийлиги жол киресине кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн убактылуу төлөп берет. Бирок, бардык тараптар бул убактылуу чечим жана логистикалык маселелер чечилгенден кийин эл аралык жүк ташуулар баарына жеткиликтүү болоруна ишенишет.

Башкортостан делегациясынын Кыргызстандагы жолугушуусу эки аймактын ортосундагы экономикалык мамилелерди чыңдоодо жана кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет.

  

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу