Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Түрк Соода-өнөр жай палаталарынын Биримдигинин жыйыны кызматташтыкты бекемдейт
Түрк өлкөлөрүнүн соода-өнөр жай палаталарынын биримдиги 2023-жылы Түрк соода-өнөр жай палатасынын негизинде түзүлгөн. Түрк өлкөлөрүнүн соода-өнөр жай палаталарынын Биримдигинин Башкы Ассамблеясынын биринчи жыйыны өттү. Бул палаталар биримдиги Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөгөн эл аралык платформа болуп саналат. Учурда Кеңешке беш өлкө мүчө: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан. Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу статусуна ээ.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев өз сөзүндө кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, соода, транспорт, энергетика жана айыл чарба тармактарындагы мамилелерди өнүктүрүү маселелерине токтолду. Түрк Соода-өнөр жай палаталарынын биримдиги мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде соода, инвестиция, транспорт, энергетика, туризм жана маданий-гуманитардык алмашууну кеңейтүүгө көмөктөшүүчү натыйжалуу платформа болуп саналаары белгиленди. Иш-чаранын алкагында Түрк мамлекеттеринин ишкер чөйрөлөрүнүн "В2В"форматындагы жолугушуулары да болду.
Бардык маалыматтарга кайрылуу