Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Итало-Россия соода палатасы эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган кызматташуу келишимине кол коюшту.
КР Соода-өнөр жай палатасы менен Итало-Россия соода палатасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана Кыргызстандын ишкерлеринин кызыкчылыктарын илгерилетүү максатын көздөйт. Бул кызматташтыктын биринчи конкреттүү кадамы сентябрда Италияга бизнес миссиясын уюштуруу болот. Ишкерлер агроөнөр жай комплекси жана текстиль тармагындагы италиялык компаниялардын ишмердүүлүгү менен тааныша алышат. Мындан тышкары, соода-өнөр жай палатасы Кыргызстанга жабдууларды лизингге берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда. Бул кызматташтык Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат. Ал сооданы жана инвестицияларды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосунда тажрыйба жана технологиялар менен алмашууга өбөлгө түзөт.








Бардык маалыматтарга кайрылуу