биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев ийгиликтүү ишкер айымдар менен жолугушуу өткөрдү.


Сариев жолугушуунун катышуучуларына суктануусун билдирип, аларды ишкерликтин алтын фонду деп атады. Ал белгилегендей, өкүлдөрдүн ар бири 4-5 балалуу болуп, аларды тарбиялоого убакыт бөлгөнүнө карабастан, өз бизнесинде ийгиликтүү иштеп жатышат. Палатанын президенти ошондой эле жолугушуунун бардык катышуучулары чоң чыгармачылыкты көрсөтүп, дайыма жаңы багыттарды ачып, ишкердиктин эң татаал чөйрөлөрүнө киришип жатканын белгиледи. 

Ишкер айымдардын жана СӨПДҮН бейформал жолугушуусу өлкөдө аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүнү колдоо үчүн биргелешкен идеялардын генерациясына жана аларды ишке ашырууга алып келди. Жолугушууда жаңы стартаптар, маалыматтык технологиялар жаатындагы долбоорлор, жаңы билим берүү платформаларын түзүү, кыргыздын кол өнөрчүлүк мурасын сактоо жана аны санариптик трансформациялоо, экологиялык демилгелер, ошондой эле Кыргыз кинематографиясын өнүктүрүүнү колдоо жана башка долбоорлор талкууланды. Мындай жолугушуулар Кыргызстанда аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүнү улантуу максатында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. 

  


Бардык маалыматтарга кайрылуу