Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Жибек жолу өлкөлөрүнүн товарларынын алтынчы көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.
Көргөзмөгө электромобилдер, авто тетиктер, текстиль, медициналык буюмдар, адистештирилген айыл чарба продукциялары, технологиялар жана жабдуулар, курулуш материалдары, эмеректер, керектөө жана электрондук товарлар кирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов меймандардын алдына саламдашуу сөзү менен чыгып, көргөзмөнүн жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, ишкерлерге ийгиликтерди каалады.
Жыйынга келгендердин алдында КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев сөз сүйлөп, Кытай менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал экономикалык түзүмдү кеңейтип, кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрө турган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу сыяктуу биргелешкен ири долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи. Көргөзмөгө Кытайдын Сиянь, Кызыл-Суу, Кашгар, Үрүмчү жана башка шаарларынын ишкерлери катышууда. Үч күн аралыгында Кыргызстандын ишкерлери көргөзмө комплексине барып, кытай компанияларынын арасынан жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк алышат.
Бардык маалыматтарга кайрылуу