Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КР Соода - өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Россия Федерациясынын Борбордук федералдык округундагы КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Атаканов Нурбек Аманжоловичке күбөлүктү тапшырды (анын ичинде Москва шаары жана РФнын 18 субъектиси).
Жакынкы убакта Москва шаарында КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн кеңсесин ачуу пландаштырылууда, ал эки өлкөнүн бизнес-коомчулугуна көмөк көрсөтүү жана колдоо үчүн борбор болот. Өкүлчүлүктүн башкы милдети Кыргызстан менен россиянын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, ошондой эле өз ара пайдалуу бизнес-өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу платформаны түзүүгө багытталат.
КР Соода-өнөр жай палатасынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кеңсеси россиялык компаниялар менен ишенимдүү жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө кызыкдар республиканын бардык ишкерлери үчүн ачык болот. Бул жерде ишкерлер бизнес жүргүзүү, соода байланыштарын түзүү, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана маанилүү бизнес келишимдерин түзүү боюнча колдоо жана кеңеш ала алышат.
Бардык маалыматтарга кайрылуу