Башкы бет » ПАЛАТАНЫН КЫЗМАТТАРЫ » Тышкы экономикалык байланыштарды колдоо
Тышкы экономикалык байланыштарды колдоо
Палатанын тышкы экономикалык байланыштар бѳлүмү ишканалардын жана ишкерлердин тышкы экономикалык байланыштарын ѳнүктүрүү үчүн тѳмѳндѳгүдѳй кызматтарды кѳрсѳтѳт:
- Палатанын мүчѳлѳрүнѳ чет элдик ѳнѳктѳштѳр менен соода-экономикалык жана илимий-техникалык байланыштарын түзүүгѳ кѳмѳктѳшүү;
- Кыргызстандын жана чет мамлекеттеринин бизнес чѳйрѳлѳрүнүн ѳкүлдѳрүнүн жолугушууларын, бизнес-форумдарды, конференцияларды, симпозиумдарды жана башка жолугушууларды уюштуруу жана ѳткѳрүү;
- Чет мамлекеттерде ѳтѳ турган кѳргѳзмѳ-жарманкелерге катышууну уюштуруу;
- Эл аралык уюмдардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу процессине катышууга кѳмѳктѳшүү;
- Чет тилдерден которуу;
- Атамекендик жана чет мамлекеттик компаниялар туурасында маалыматтардын бетачарын Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде уюштуруу жана ѳткѳрүү;
- Чакан жана орто бизнес ѳкүлдѳрүнѳ товарларды экспортко чыгаруу, аялдардын ишмердүүлүгүн ѳнүктүрүү, чакан жана орто бизнести башкаруу жана башка багыттар боюнча окутуучу семинарларды ѳткѳрүү.
- Атамекендик жана чет элдик ишкерлердин жана компаниялардын суроо-талаптарынын негизинде экономикалык изилдѳѳлѳрдү жүргүзүү;
- Атамекендик жана чет элдик компаниялардын товарларынын жана кызматтарынын жарнамалык маалыматтарын түзүү жана Палатанын «Деловые вести» журналына жайгаштыруу;
- Чет мамлекеттерге атамекендик компаниялардын бизнес-миссияларын уюштуруу (ошондой эле виза жана авиабилеттерди алуу, мейманканалардан орун алуу, транспорт менен камсыздоо, имараттарды жана оргтехникалырды ижарага алуу, котормочулар менен камсыздоо ж.б.);
- Чет мамлекеттик бизнес-миссияларды Кыргызстанда кабыл алуу (ошондой эле виза жана авиабилеттерди алуу, мейманканалардан орун алуу, транспорт менен камсыздоо, имараттарды жана оргтехникалырды ижарага алуу, котормочулар менен камсыздоо ж.б.);
- Чет элдик капиталдын катышуусу менен бирдиктуу ишканаларды түзүү багытында кѳмѳк кѳрсѳтүү;
- Интеллектуалдык менчик укугун коргоо, товардык белгини каттоо, экспорттук-импорттук операциялар, инвестициялар, лизинг операциялары жана башка маселелер боюнча консультация берүү;
- Атамекендик ишканалар жана ишкерлер үчүн Кыргызстандан жана чет мамлекеттерде такшалмаларды уюштуруу.
Чет мамлекеттердеги ишкерлер чѳйрѳлѳрү менен ѳнѳктѳштүк байланыштарды түзүү, башка ѳлкѳлѳрдѳ бизнес жүргүзүү, эл аралык деңгээлдеги кѳргѳзмѳ-жарманкелерге катышуу жана башка ишкананын тышкы ишмердүүлүктү жүргүзүү маселелери боюнча суроолоруңуз болсо Палатанын Тышкы экономикалык байланыштар бѳлүмүнѳ кайрылыңыздар.
Байланыш телефондору: +312 613873, +312 613874