Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргызстан менен Орусиянын Соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү
Жолугушууда эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн кызматташуусу жана Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Москва рыногуна экспорттоону кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушууга Москванын Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык жана аймактар аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Лукашенко Лидия катышты. Ал Москва Кыргызстандын товарларын эң көп керектөөчүлөрдүн бири экенин, учурда мындай товарларга суроо-талап өсүп жатканын белгиледи. Кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн Россия рыногунда потенциалы жогору жана москвалык компаниялар өз кезегинде Кыргызстанда ийгиликтүү бизнес жүргүзө алышат.
М.Тумасов Россияга товарларды экспорттоо Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан россиялык инвесторлор үчүн жагымдуу өнөктөш экенин жана Кыргызстанда азыртадан эле көптөгөн компаниялар ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.
Жолугушууда Москванын Соода-өнөр жай палатасынын сайттарында Кыргызстандын экономикасынын тармактары жана бизнес сунуштары көрсөтүлө турган презентацияларды уюштуруу боюнча макулдашуу болду.
Мындай презентацияларды уюштуруу москвалык инвесторлордун жана бизнес өнөктөштөрдүн көңүлүн бурууга жардам берет. Бул дагы Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү үчүн Москва рыногунда өз товарларын жана кызматтарын жылдыруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
Жолугушууда башка маселелер, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы туризм бизнесин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.
Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгы эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн мындан ары да уланып, экономиканын мындан аркы өнүгүшүнө жана элдердин ортосундагы достук мамилелердин чыңдалышына алып келээрине ишеним билдиришти.

Бардык маалыматтарга кайрылуу