Башкы бет » Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын долбоорлору » Кыргызстандан кайра иштетилген азык-түлүк продукцияларын жана табигый ингредиенттерди европалык рынокторго экспорттоону кѳбѳйтүүгѳ кѳмѳктѳшүү
Кыргызстандан кайра иштетилген азык-түлүк продукцияларын жана табигый ингредиенттерди европалык рынокторго экспорттоону кѳбѳйтүүгѳ кѳмѳктѳшүү
Import Promotion Desk (IPD) – Германиянын экономикалык кызматташуу жана ѳнүгүү министирлиги каржылаган долбоор немец импортелорун ѳнѳктѳш-ѳлкѳлѳрдѳн ишенимдүү жеткирип берүүчүлѳр менен камсыздоого багытталган.
Долбоорду аткаруудагы ѳнѳктѳштѳр:
Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы
Эл аралык кызматташуунун германдык коому (GIZ)
Долбоордун максаттары: Кыргызстандан кайра иштетилген азык-түлүк продукцияларын жана табигый ингредиенттерди европалык рынокторго, негизинен Германияга, экспорттоону кѳбѳйтүүгѳ кѳмѳктѳшүү.
Долбоорду ишке ашырууда Европада ѳткѳрүлѳ турган азык-түлүк жана табигый ингредиенттердин кесиптик кѳргѳзмѳлѳрүнѳ катышуусу үчүн атамекендик ишканаларды – ѳндүрүүчүлѳрдү тандоо жүргүзүлѳт.
Долбоордун жыйынтыгы боюнча кыргыз ѳндүрүүчүлѳрү менен немецтик алармандардын ортосунда ѳндүрүмдѳр менен камсыздоо боюнча контракттарга кол коюлуусу күтүлүүдѳ. Долбоордун аткарылышы Кыргызстандан кайра иштетилген азык-түлүк продукцияларын жана табигый ингредиенттерди европалык рынокторго экспорттолуусунун ѳсүшүнѳ кѳмѳктѳшѳт.
2013-жылдын октябрь айында Кыргызстанга келген IPDнин таанышуу миссиясынын алкагында тѳмѳндѳгү ѳндүрүмдѳр Германияга жана Европага экспорттоо үчүн жакшы мүмкүнүлүктѳрү бар деп аныкталган:
- Кургатылган жемиштер, ѳзгѳчѳ (органикалык) ѳрүк
- Жемиш данектери
- Кайра иштетилген жаңгактар
- Аары мому
- Кургатылган козу карындар
- Кургатылган даары чѳптѳр
- Данек майлары